Жалал-Абад облусунун Сузак айылындагы шайлоо участогунун дареги өзгөрдү

27 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-ноябрда “Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл аймагынын Сузак айылындагы № 2424 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө” токтом кабыл алды.

Ага ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл аймагынын Сузак айылындагы Дакан-Палван көчөсү, 143тө жайгашкан Санэпидстанциянын имаратындагы № 2424 шайлоо участогунун дареги Дакан-Палван көчөсү, 127 дарегиндеги С. Акбаров атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлдү.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясына Сузак айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участогунун дареги өзгөргөнү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.