Талапкерлер Л.Акунова жана Г.Халилованын каттоосу жокко чыгарылды

27 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-ноябрда № 22 жана № 24 көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Акунова Лиранын жана Халилова Гульназ Мажитовнанын каттоосун жокко чыгарды.

КР БШКга шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу талапкер Л.Акуновадан арыз 2025-жылдын 26-ноябрында, ал эми талапкер Г.Халиловадан 27-ноябрда келип түшкөн.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкерлердин арызынын негизинде № 22 жана № 24 көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Акунова Лиранын жана Халилова Гульназ Мажитовнанын каттоолору жокко чыгарылды. Аталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкулдөрүнүн каттоолору да жокко чыгарылды.