КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров ТМУ жана ШКУнун байкоо Миссияларынын делегациялары менен жолукту

27 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 27-ноябрда, 30-ноябрдагы мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келген Түрк мамлекеттеринин уюму (ТМУ) жана Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) байкоо Миссияларынын делегациялары менен жолугушту.

ТМУ байкоо Миссиясынын башчысы, ТМУнун Башкы катчысынын орун басары Мирвохид Озимов шайлоонун ийгиликтүү өтүшүн каалап, боордош мамлекеттердин колдоосун белгиледи. Ал жаңы киргизилип жаткан аралыктан добуш берүү системасына кызыгуусун билдирди.

КР БШКнын төрагасы шайлоочулардын укуктарын коргоого, «айлампа» жана кошумча бюллетень салуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерди алдын алууга багытталган шайлоо процессиндеги негизги жаңычылдыктарга кеңири токтолду.

Делегацияга жаңы шайлоо жабдуулары көрсөтүлүп, алардын иштөө принциби тууралуу маалымат берилди.

Андан соң КР БШКнын төрагасы ШКУ байкоо Миссиясынын башчысы, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань менен жолугушту.

Миссиянын башчысы ШКУнун Кыргызстанга болгон колдоосун айтып, миссия бейтараптык принциптерин карманып, өлкөнүн суверенитетине урмат көрсөтөөрүн, ар кандай деңгээлдеги шайлоолорду байкоодо чоң тажрыйбасы бар экенин баса белгиледи.

Ал ШКУнун байкоочулары өлкөнүн аймактарын кыдырып, шайлоочулар арасында жүргүзүлгөн маалыматтык-түшүндүрүү иштери, шайлоочулардын, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жана жаштардын укуктарынын сакталышы менен таанышууну көздөп жатканын билдирди.

Тынчтык Шайназаров шайлоо реформаларынын максаты - «бир шайлоочу - бир талапкер - бир добуш» негизги принцибин жүзөгө ашыруу, ошондой эле жарандардын эркин добуш берүү укугун камсыз кылуу үчүн максималдуу шарттарды түзүү экенин белгиледи. Шайлоочулардын катышуусун жогорулатуу куралдарынын бири катары ал аралыктыктан добуш берүү системасын белгиледи.

ШКУнун байкоо Миссиясынын башчысы ийгилик каалап, шайлоо жогорку деңгээлде өтүшүнө тилектештигин билдирди.