КР БШКсы депутаттыкка талапкер Лира Акунованы жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берди

27 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-ноябрда, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч катын карады.

КР БШКсына 2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акунова Лираны жазык жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч каты келип түшкөн.

Бишкек ШИИББнин өндүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгүндө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши тергелүүдө.

Өтүнүч катта тергөө иш-аракеттерин жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө талапкер Л. Акунованын жакын туугандары добуштарды сатып алууга багытталган ири өлчөмдөгү акча каражаттарын атайын жарандарга бергендиги аныкталган.

Бул аракеттер Л. Акунованын шайлоо штабында анын көзөмөлү жана тапшырмасы менен жүргүзүлгөндүгү далилденген.

КР БШКсы шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек ШИИББнин № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акунова Лираны кылмыш жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде салынуучу жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндөгү өтүнүчүн канааттандырды. 

Чечимдин көчүрмөсү Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына жана талапкер Л. Акуновага жөнөтүлөт.