КР БШКсы депутаттыкка талапкер Гульназ Халилованы жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берди

27 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүчүн карады.

КР БШКсына 2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнен №24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Халилова Гульназ Мажитовнаны жазык жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч кат келип түшкөн.

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүндө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

Өтүнүч катта тергөө иш-аракеттерин жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө талапкер Г.Халилова жеке өзү жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу шайлоочуларды сатып алууга багытталган шайлоо алдындагы штабдын ишин уюштургандыгы аныкталган.

Жарандар менен жалган келишимдер үгүтчүлөр менен түзүлгөн келишимдер катары таризделген, бирок иш жүзүндө добуштарды сатып алууга багытталган (ар бир добуш үчүн 2000 сом). Шайлоочуларды сатып алууга багытталган 40 000 сом, ошондой эле 80 200 АКШ доллары, 116 000 сом жана 29 500 сом суммасындагы акча каражаттары тинтүү учурунда документтештирилген.

Акча каражаттарынын кармоочулары - Г. Халилованын тарапташтарына айып угузулуп, башка жакка чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасы тандалган.

КР БШКсы жогоруда баяндалгандардын негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын №24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Халилова Гульназ Мажитовнаны кылмыш жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде салынуучу жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндөгү өтүнүчтү канааттандырды.

Чечимдин көчүрмөсү Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгына жана талапкер Г.Халиловага жөнөтүлөт.