№ 19 шайлоо округунан талапкерлер Н.Усеинова жана Э.Баямановдун жамааттык арызын КР БШКсы канааттандыруудан баш тартты

26 ноября 2025

КР БШКга № 19 шайлоо округунан талапкерлер Усеинова Нургул Эмилькановна жана Баяманов Эркинбек Мусалиевичтен жамааттык арыз келип түшкөн.
Арыз ээлери Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Жолдошалы Мусурманкулов өзүнүн жакын тууганы, № 19 шайлоо округунан талапкер Эгембердиев Адылбек Жолдошалиевичтин кызыкчылыгында административдик ресурсту колдонуп жаткандыгын  билдиришкен.
Бул факт боюнча Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп, тараптар суракка чакырылган. 
Манас айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан административдик ресурстар колдонулгандыгы тууралуу маалымат тастыкталган эмес, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алынган.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун отурумуна арыз ээси талапкер Н.Усеинова, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү Д.Калыков чакырылган жана угулган.
Жумушчу топтун отурумунда Манас айыл өкмөтүнүн башчысы 
Ж.Мусурманкулов 2025-жылдын октябрь айынан тартып ден соолугуна байланыштуу ооруканада экендиги, 2025-жылдын 17-ноябрында ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгы маалымдалды. 
Манас айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнө ылайык, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан административдик ресурсту колдонуу фактысы такталган эмес.
Үгүт ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу фактысын тастыктай турган жетиштүү негиздердин жоктугуна байланыштуу Жумушчу топ талапкерлер         Н.Усеинова жана Э.Баямановдун жамааттык арызында баяндалган талаптарды канааттандыруудан баш тартууну сунуштаган.
КР БШКсы жыйында тараптардын пикирлерин кошумча угуп, Жумушчу топтун сунушун эске алып, № 19 шайлоо округунан талапкерлер Н.Усеинова жана Э.Баямановдун жамааттык арызын канааттандыруудан баш тартты.