Баткен, Ош шаарларындагы жана Чоң-Алай районундагы айрым шайлоо участокторунун дареги өзгөрдү

21 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 21-ноябрда “Баткен шаарындагы № 9801 аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө”, “Ош шаарындагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү жөнүндө” токтомдорду кабыл алды.
Баткен облусунун Баткен шаарындагы С. Садыков көчөсү, 96 дарегинде жайгашкан 86017 аскер бөлүгүнүн Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын имаратында жайгашкан № 9801 аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участогунун дареги И. Жусупов көчөсү, 11 де жайгашкан Баткен мамлекеттик университетинин имаратына өзгөртүлдү.
Ош шаарындагы М.Куренкеев көчөсүндөгү “Стомклиника” стоматологиялык клиникасынын имаратында жайгашкан № 5551 шайлоо участогунун дареги Юнусов көчөсүндөгү “Терекзар” чайканасынын имаратына өзгөртүлдү. 
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Ачык-Суу айылындагы Кожомуратов көчөсү, 5 дарегиндеги Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептин эски имаратында жайгашкан № 5165 шайлоо участогунун дареги Мурас көчөсү, 15те жайгашкан Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептин жаңы имаратына өзгөртүлдү.
Тийиштүү округдук шайлоо комиссиясына Баткен шаарынын мэриясы, Ош аймактык шайлоо комиссиясына Ош шаардык мэриясы, Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясына Кашка-Суу айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун даректери өзгөргөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.