Казакстандын Атырау шаарындагы шайлоо участогунун дареги өзгөрдү
21 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 21-ноябрда Казакстан Республикасынын Атырау облусунун Атырау шаарындагы № 9063 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө маселени карап, тиешелүү токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, Казакстандын Атырау облусунун Атырау шаарындагы Шайхы Абишев көчөсү, 97Ада жайгашкан Маданият үйүнүн имаратындагы № 9063 шайлоо участогунун дареги Бейбарыс Султан проспектиси, 3 дарегиндеги “Дина” базарынын аймагындагы административдик имаратка өзгөртүлдү.
Казакстандын Атырау облусундагы шайлоочулар арасында шайлоо участогунун дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин КР Тышкы иштер министрлиги № 24 округдук шайлоо комиссиясы менен биргеликте жүргүзөт.


