КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
21 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 21-ноябрда № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абыкеев Темирболот Асаналиевичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.С. Жолдошовдун каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Э.К. Керимкуловду шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады.
Катталган ыйгарым укуктуу өкүлгө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.


