КР БШКсы талапкерге, жаранга жана юридикалык тарапка айып пул салып, бир талапкерге эскертүү берди
20 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-ноябрда талапкерлер, юридикалык тарап жана жаран тарабынан шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу маселелерди карады.
КР БШКнын кароосуна маселелерди Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ киргизген.
Жумушчу топ социалдык тармактарга жүргүзгөн монитрингдин натыйжасында Facebook социалдык тармагындагы Адилет Кадыракунов (Adilet Kadyrakunov) аттуу колдонуучу № 30 шайлоо округунан талапкер Бакасов Улан Болотбекович үчүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштап, үгүт шарттарын бузгандыгын аныктаган.
Instagram социалдык тармагындагы “samarakarimovasinger” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, № 2 шайлоо округунан талапкер Калпаев Бактыяр Алиевич үчүн үгүт шарттарын бузган маалымат таратылып жатканы аныкталган. Тактап айтканда, Самара Каримова Майдан айылынын тургундарына 2025-жылдын 17-ноябрында талапкер менен жолугушуу болорун, ошондой эле өзүнүн катышуусунда концерт уюштурууларын маалымдаган.
Жумушчу топтун жыйынында талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Аманбаева С.Каримова менен үгүт жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө түзүлгөн келишимге ылайык, С. Каримованын катышуусунда талапкердин гимни жазылып, аны талапкердин шайлоочулар менен жолугушуусунда коюшканын билдирди. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, үгүт концерттерди, театрлаштырылган оюндарды жана спорттук иш-чараларды кошпогондо, ачык үгүт иш-чараларын (митингдер, чогулуштар, теледебаттар жана башкалар) өткөрүү аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Facebook социалдык тармагындагы “T-Media” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, № 7 шайлоо округунан талапкер Козуев Алишер Абибиллаевич үчүн үгүт шарттарын бузган маалымат таратылып жатканы аныкталган.
Жумушчу топтун жыйынында “Жаш FM” ЖЧКнын башкы директору Данияр кызы Даяна талапкер А.Козуев менен түзүлгө келишимге ылайык, 2025-жылдын 10-ноябрынан тартып көрсөтүлгөн талапкердин үгүт материалдары “Жаш FM” телеканалында жайгаштырылууга тийиш экенин маалымдады.
Анын айтымында, 2025-жылдын 13-ноябрында телеканалдын жаңылыктар чыгарылышында Кыргыз Республикасынын биринчи адамдары катышкан, аткарылган иштер тууралуу репортаж көрсөтүлүп жатканда талапкердин үгүт баннери кокустан жайгаштырылып калган. Муну менен “Жаш FM” ЖЧК “жалпыга маалымдоо каражаттарында талапкерлерге бирдей шарттар кепилдениши керек” деген шайлоо мыйзамдарындагы талапты бузган.
Ал эми № 26 шайлоо округунан талапкер Саккараев Медербек Джаманкуловичке карата материалдар КР БШКга Чүй облусунун ИИББнын тергөө кызматынан келип түшкөн. Ага ылайык, Instagram социалдык тармагындагы «moldos.b» баракчасында М.Саккараев тарабынан үгүтчүлөрдү тартуу аркылуу шайлоочуларды сатып алуу аракети жасалгандыгы тууралуу маалымат алынган. Бул факт Чүй ОИББда катталып, ал боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталган, 16-ноябрда аракеттеринде кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.
Жумушчу топтун жыйынында М. Саккараевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алмазбеков 2025-жылдын 10-ноябрында Кудайбергенова Надира-Бегимай Жыргалбековна менен үгүт жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, Н.Кудайбергенова менен келишим түзүлөрдүн алдында шайлоо мыйзамдарын бузууга жол бербөө тууралуу окуу өткөрүлгөн. Бул окуя белгилүү болгондон кийин Н.Кудайбергенова менен түзүлгөн келишим бузулган.
Жумушчу топ шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык, жаран Кадыракунов Адилет Кубанычбековичке, № 2 шайлоо округунан талапкер Калпаев Бактыяр Алиевичке карата каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү, “Жаш FM” ЖЧКга карата 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
Ал эми № 26 шайлоо округунан Саккараев Медербек Джаманкуловичке эскертүү берүү сунуштаган.
КР БШКсы Жумушчу топтун сунуштарынын негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкер М.Саккараевге эскертүү берип, жаран А.Кадыракуновго, талапкер Б.Калпаевге, “Жаш FM” ЖЧКга айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү.










