Казакстандын Атырау шаарындагы шайлоо участогунун дареги өзгөрдү
19 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-ноябрда Казакстан Республикасынын Атырау облусунун Атырау шаарындагы № 9063 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө маселени карап, тиешелүү токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, Казакстандын Атырау облусунун Атырау шаарындагы Б. Кулманов көчөсү, 129 дарегинде жайгашкан Казакстан элдеринин ассамблеясынын Достук үйүндө орун алган № 9063 шайлоо участогунун дареги Шайхы Абышев көчөсү, 97А дарегинде жайгашкан Маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлдү.
Казакстандын Атырау облусундагы шайлоочулар арасында шайлоо участогунун дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин КР Тышкы иштер министрлиги № 24 округдук шайлоо комиссиясы менен биргеликте жүргүзөт.
