КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

19 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маселени карап, төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды:
- № 5 шайлоо округу боюнча талапкер Исаева Гүлназ Назарбаевнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Акимованын, каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.Э. Солпуеванын каттоолорун жокко чыгарып, алардын ордуна Э.Н.Исаевди - шайлоо боюнча, Н.А. Жуманазарованы - каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;
- №24 шайлоо округу боюнча талапкер Исаева Майрамкуль Тургуновнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Э.Султанбекованын, каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ж Имашовдун каттоолорун жокко чыгарды.
Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.