КР БШКсы эки талапкерге жана бир жаранга айып пул салды

18 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы жөнүндө маселени карады.

Whatsap мессенджеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык, Бишкек шаарындагы үйлөрдүн короолорундагы дарактарга № 20 округдан талапкер Темирлан Айтиевдин үгүт баннерлери илинип турганы аныкталган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 27-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында жашыл өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды, тоонун боорлорун жана чокуларын, адырларды, башка табигый дөңсөөлөрдү кандай түрдө болбосун пайдаланууга жол берилбейт.

№ 30 шайлоо округунан талапкер Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү Facebook социалдык тармагында жаран Сатыбалдиева Мухара Асанбаевна калтырган.

Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйынында М.Сатыбалдиева билдирүүнү жазгандыгын тастыктаган.

Ал эми талапкер И.Кубанычбековдун үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү маалымдаган. Ага ылайык, 2025-жылдын 14-ноябрында Ош облусунун Кара-Суу шаарында тиешелүү келишим түзүлбөстөн жеке турак үйлөрдүн биринин дубалына талапкердин үгүт баннерлери илингендиги аныкталган.

Жумушчу топ талапкерлер И.Кубанычбековго жана Т.Айтиевге карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.

Ал эми М.Сатыбалдиевага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.

КР БШКсы Жумушчу топтун сунушунун негизинде, № 20 шайлоо округунан талапкер Айтиев Темирлан Тынычбековичке, № 7 шайлоо округунан талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичке, КР жараны Сатыбалдиева Мухара Асанбаевнага айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү.