Шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда
17 ноября 2025
Шайлоо округдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда.
Жолугушууларда талапкерлер өздөрүнүн программалары тууралуу айтып берип, шайлоочулардын суроолоруна жооп беришүүдө.
Шайлоочулар талапкерлердин программасына байланыштуу гана суроолор менен чектелбей, өз айыл, шаарларындагы социалдык-экономикалык маселелерди козгошуп, талапкерлердин аймактарды өнүктүрүүгө багытталган мыйзам демилгелерине да кызыгышууда.
Талапкерлердин өлкө аймактарынын жашоочулары менен жолугушуулары 2025-жылдын 26-ноябрына чейин уланат.
Жолугушууларды «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алдын ала бекитилген график боюнча 2025-жылдын 10-ноябрынан баштап уюштурушууда.
2025-жылдын 16-17-ноябында жолугушуулар төмөнкү шаар, айылдарда өткөрүлдү:
Баткен облусу боюнча – Лейлек районунун Раззаков шаары, Тогуз-Булак жана Лейлек айыл өкмөтү, Кадамжай районунун Кызыл-Кыя шаары жана Ак-Турпак, Молдо Нияз айыл өкмөтү;
Ош облусу боюнча – Ноокат районунун Бел, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү, Араван районунун Чек-Абад, Дөбө-Коргон айыл өкмөтү, Ош шаарынын Манас Ата муниципалдык аймактык башкармалыгы, Кара-Суу районунун Жоош, Отуз-Адыр, Мады, Баш-Булак, Датка айыл өкмөтү жана Кара-Суу шаары, Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтү, Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл өкмөтү;
Жалал-Абад облусу боюнча – Сузак районунун Кара-Дарыя, С. Атабеков айыл өкмөтү, Ноокен районунун Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарлары, Момбеков айыл өкмөтү, Токтогул районунун Кара-Көл шаары, Аксы районунун Ак-Суу, Үч-Коргон жана Кош-Дөбө айыл өкмөтү;
Чүй облусу боюнча – Аламүдүн районунун Таш-Мойнок, Кара-Жыгач айыл өкмөтү, Ысык-Ата районунун Кант шаары жана Ысык-Ата айыл өкмөтү, Чүй районунун С.Ибраимов, Бурана айыл өкмөтү;
Ысык-Көл облусу боюнча – Түп районунун Ысык-Көл айыл өкмөтү, Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл өкмөтү, Тоң районунун Барскоон, Жаргылчак айыл өкмөтү;
Нарын облусу боюнча - Жумгал районунун Жумгал, Куйручук-Кызарт, Түгөл-Сай жана Байзак айыл өкмөтү, Нарын районунун Учкун айыл өкмөтү, Ат-Башы районунун Ат-Башы жана Ак-Моюн айыл өкмөтү;
Бишкек шаарынын Ленин, Октябрь жана Свердлов райондору.



















