КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

16 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-ноябрда, Лейлек, Токтогул, Ош, Ноокат жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

- Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаты Якубжонов Жавлонбек Абдикаимовичтин (“Милдет” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Илашов Сохибжон Ахматовичке («Милдет» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

- Лейлек районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Хамракулов Обиджон Жабаркуловичтин каза болгондугуна байланыштуу, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сулейманов Файзулло Хабибуллаевичке өткөрүлүп берилди;

- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Дүйшеналиев Болотбек Согушбековичтин («Эркин Эл»  депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Тургунов Эрлан Эстебезовичке («Эркин Эл» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

- Ош облусунун Ош шаардык кеңешинин депутаты Жоробаев Жоомарт Тойчиевичтин  (“Бир бол) ыйгарым укугу токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Алимов Козимжон Насировичке («Бир Бол» саясий партиясы) берилди;

- Ош облусунун Ноокат районунун А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаты  Абдувахидинов Кадиржан Шакировичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Колдошов Абдумутал Ташболтаевичке өткөрүлүп берилди;

- Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Хамзаев Авазбек Мураталиевичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкеримов Үсөн Аскарбековичке өткөрүлүп берилди;

- Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты  Айтыкулов Урмат Калыбековичтин («Жаңы Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Пеньков Александр Николаевичке (“Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.