КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды
16 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады:
- №10 шайлоо округу боюнча талапкер Ормонов Улугбек Зулпукаровичтин бир ишенимдүү адамы;
- №30 шайлоо округу боюнча талапкер Абдыкаров Адылбек Бейшембаевичтин 4 ишенимдүү адамы;
- №23 шайлоо округу боюнча талапкер Исатбек кызы Аиданын бир ишенимдүү адамы;
- №22 шайлоо округу боюнча талапкер Абдыкадыров Эмилбек Мырзакуловичтин 2 ишенимдүү адамы;
- №20 шайлоо округу боюнча талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин бир ишенимдүү адамы;
- №24 шайлоо округу боюнча талапкер Акимбаева Гульнара Орозбековнанын 6 ишенимдүү адамды;
- №23 шайлоо округу боюнча талапкер Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин 2 ишенимдүү адамы;
- №18 шайлоо округу боюнча талапкер Чомоев Бакыт Муратбековичтин 2 ишенимдүү адамы;
- № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын 2 ишенимдүү адамы;
- № 30 шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыков Мурадил Жанышбековичтин 20 ишенимдүү адамы;
- № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Алиев Медербек Кубанычевичтин 7 ишенимдүү адамы;
- № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Мамырова Бөдөш Аманбаевнанын 19 ишенимдүү адамы.
Ишенимдүү адамдарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
