КР БШКсы аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө окутуу өткөрдү

15 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 15-ноябрда аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана тренерлер үчүн окутуу өткөрдү.

Республиканын аймактары үчүн окутуу онлайн форматта, ал эми Бишкек шаары жана Чүй облусу үчүн офлайн форматта жүргүзүлдү.

Окутуу шайлоо процессинин негизги маселелери боюнча, 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоолордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен болууда.

Тактап айтканда, окутуунун программасы төмөнкү багыттарды камтыды:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоонун өзгөчөлүктөрү жана аралыктан добуш берүү тартиби;

-Округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын иштөө принциптери жана ыйгарым укуктары. БШКнын жумушчу топтору менен өз ара аракеттенүү тартиби;

- Жогорку Кеңештин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоодо аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тартиби.

Окутуу тажрыйба жана билим алмашуу, суроо-жооп форматында болуп, мурдагы шайлоо кампанияларынан мисалдар менен коштолууда.

Мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоолорду уюштурууга жана өткөрүүгө аймактык шайлоо комиссияларынын 437 мүчөлөрү катышат. Республика боюнча добуш берүү үчүн 2492 шайлоо участогу ачылган.

2025-жылдын 17-ноябрынан 24-ноябрына чейин бардык участкалык шайлоо комиссияларынын 24 995 мүчөсү жана 30 аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окутуу өткөрүлөт.