Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу боюнча талапкерлер К.Зулушев менен Ж.Садырбаевага айып пул салынып, И.Кубанычбековго эскертүү берилди
14 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы жөнүндө маселени карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алды.
№10 шайлоо округу боюнча талапкер Зулушев Курманкул Токторалыевичке жана № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Садырбаева Жылдыз Эсенбековнага айып пул салынып, № 7 шайлоо округу боюнча талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичке эскертүү берилди.
Маселени БШКнын кароосуна Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ киргизген.
Жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында, Facebook социалдык тармагындагы Нурба Айыл аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видеоматериалдарга ылайык, № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Зулушев Курманкул Токторалыевичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы аныкталган.
Ал эми Instagram социалдык тармагындагы № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Садырбаева Жылдыз Эсенбековнанын баракчасында жарыяланган фото жана видеоматериалдарга ылайык талапкердин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы аныкталган.
Жумушчу топ талапкерлер К.Зулушевге жана Ж.Садырбаевга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
КР БШКсы Жумушчу топтун чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 27-беренесине, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Зулушев Курманкул Токторалыевичке жана № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Садырбаева Жылдыз Эсенбековнага административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөдү.
Ал эми № 7 шайлоо округу боюнча талапкер Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу материалдар КР БШКга Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнөн келип түшкөн.
Ага ылайык, 2025-жылдын 11-ноябрында Ала-Тоо айыл аймагынын Кенжекул айылына кире бериштеги аркага талапкер И.Кубанычбековдун үгүт баннери орнотулгандыгы аныкталган.
Жумушчу топ И.Кубанычбековго да Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
КР БШКсы аталган талапкердин үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы тууралуу башка дагы факт катталганын эске алып, ага эскертүү берди.
