№ 20 шайлоо округунан талапкер А.Мирзабеков шайлоого катышуудан баш тартты
14 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-ноябрда № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Мирзабеков Алдаяр Токторбаевичтин каттоосун жокко чыгарды.
Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы менен талапкер А.Мирзабеков КР БШКга 2025-жылдын 13-ноябрында кайрылган.
