КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүүгө тийиштүү токтомдорду кабыл алды
14 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-ноябрда, 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүүгө тийиштүү токтомдорду кабыл алды.
КР БШКнын токтомдору менен төмөнкүлөр бекитилди:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун, өткөрүүнүн жана жыйынтыктарын чыгаруунун тартиби жөнүндө жобо: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүүнүн, ошондой эле аралыктан добуш берүү жыйынтыктарын чыгаруунун тартибин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын Президентин жана
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө жобо. Бул жобо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартибин жөнгө салуу максатында кабыл алынып, добуш берүү үчүн жайларды жана шайлоо жабдууларын даярдоону уюштурууну жөнгө салат; шайлоочулардын добуш берүүсүн уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин, анын ичинде инновациялык технологияларды пайдаланууну, шайлоочулардын добуштарын саноону, шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоону, ошондой эле жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууда коопсуздукту камсыздоону жөнгө салат. Жобонун максаты — Кыргыз Республикасында эркин, адилет, ачык жана калыс шайлоолорду өткөрүүнү камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу, ошондой эле шайлоочулардын добуш берүү эркин объективдүү каттоону, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууну жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону камсыз кылуу.
- 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоо комиссияларынын добуш берүү жыйынтыгы протоколдорунун жана жыйынды таблицасынын формалары.
Тийиштүү шайлоо комиссиялары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда ушул токтом менен бекитилген протоколдордун жана жыйынды таблицанын формаларын жетекчиликке алышат.
