Шайлоочулар талапкерлер менен жолугушууларда ар кыл тармактар боюнча мыйзамдарды иштеп чыгуу сунуштарын билдиришүүдө
13 ноября 2025
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин өлкө аймактарында шайлоочулар менен жолугушууларында жергиликтүү калк талапкерлердин программалары менен таанышууда.
Шайлоочулар программалардын алкагында суроолоруна жооп алып, ар кыл тармактар боюнча мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча сунуштарын билдиришүүдө. Ошондой эле ошол аймактагы социалдык маселелер да козголууда.
Эске салсак, жолугушууларды округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алдын ала бекитилген графикке ылайык уюштурушууда.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жолугушуулар бардык талапкерлерге бирдей шартта уюштурулууда.
Талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары 2025-жылдын 10-ноябрынан 26-ноябрына чейин уланат.
Бүгүн, 13-ноябрда жолугушуулар төмөнкү шаар, айылдарда өткөрүлдү:
Баткен облусу боюнча – Лейлек районунун Жаңы-Жер, Кулунду айыл өкмөтү, Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтү, Кадамжай шаары;
Ош облусу боюнча – Ноокат районунун Кулатов, Көк-Жар айыл өкмөтү, Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айыл аймактык башкармалыгы, Алай районунун Жибек-Жолу, Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтү, Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтү, Өзгөн шаары, Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа, Р.Абдыкадыров айыл өкмөтү;
Жалал-Абад облусу боюнча – Көк-Жаңгак шаары, Сузак районунун Сузак айыл өкмөтү, Токтогул районунун Э. Иманалиев айыл өкмөтү, Кербен шаары;
Талас облусу боюнча – Айтматов районунун Кара-Буура, Чолпонбай айыл өкмөтү, Талас районунун Беш-Таш, Кең-Кол, Чоң-Алыш айыл өкмөтү;
Чүй облусу боюнча - Жайыл районунун Ак-Башат, Ынтымак айыл өкмөтү, Сокулук районунун Кожомкул, Манас айыл өкмөтү, Ысык-Ата районунун Жээк, Ак-Кудук айыл өкмөтү, Кемин районунун Кичи-Кемин, Чоӊ-Кемин айыл өкмөтү;
Ысык-Көл облусу боюнча – Түп районунун Каркыра айыл өкмөтү, Тоң районунун Б. Мамбетов, Күн-Чыгыш айыл өкмөтү;
Нарын облусу боюнча – Кочкор районунун Ормон-Хан, Кум-Дөбө айыл өкмөтү, Нарын районунун Дөбөлү, Чет-Нура айыл өкмөтү;
Бишкек шаарынын Ленин, Биринчи май, Свердлов райондору.































