Талапкер Р.Жунушбаеванын ар-намысына шек келтирген материалдар боюнча айып пулдар салынды
13 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-ноябрда №28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жунушбаева Рахат Мырзабековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ж. Манжиеванын арызын карады.
Арызда көрсөтүлгөндөй, “Азия Ньюс” гезитинде, “Арыба” интернет-басылмасында, ошондой эле Facebook социалдык тармагындагы Айка Муратова жана Бакмурат Токтогулов аттуу колдонуучулардын баракчаларында талапкер Р.Жунушбаеванын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген материалдар жайгаштырылганы көрсөтүлгөн.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ арызды карап чыгып, “Азия Ньюс” гезитине жана “Арыба” интернет-басылмасына карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 67-беренесинде каралган 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндөгү жоопкерчилик чарасын, ошондой эле Токтогулов Бакмурат Турсуновичке жана Колбайева Ай-сада Канасиловнага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндөгү жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштады.
КР БШКсы Жумушчу топтун чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 22, 23-беренелерине, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66, 67, 451, 455-беренелерине ылайык, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүү, “Азия Ньюс” гезитине жана “Арыба” интернет-басылмасына 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, ошондой эле Токтогулов Бакмурат Турсуновичке жана Колбайева Ай-сада Канасиловнага 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып пул салуу милдетин жүктөдү.
