КР БШКсы депутаттыкка талапкер Б.Бообековду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берди
13 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Чүй облустук ИИБнин Тергөө кызматынын өтүнүчүн карады.
КР БШКсына 2025-жылдын 12-ноябрында КР Ички иштер министрлигинин Чүй облусу боюнча Ички иштер башкы башкармалыгынан №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бообеков Бахтияр Таласовичти кылмыш жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде салынуучу жаза чараларына макулдук берүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөн.
Чүй облусунун ИИББнын Тергөө кызматынын өндүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгүндө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча 2025-жылдын 12-ноябрында козголгон кылмыш иши тергелүүдө.
Өтүнүч катта № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Б.Бообековдун аталган кылмышты жасоого катыштыгы бар экенин көрсөткөн тергөө аракеттеринин жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө төгүндөлгүс далилдер топтолгону көрсөтүлгөн.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 21-беренесинин 10-бөлүгүн, 28-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерине ылайык, КР БШКсы №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бообеков Бахтияр Таласовичти кылмыш жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде салынуучу жаза чараларына макулдук берүү жөнүндөгү өтүнүчтү канааттандырды.
Чечимдин көчүрмөсү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгына жана талапкер Б.Бообековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Н.А. Айдакеевага жөнөтүлөт.
