Шайлоочулардын эсине: шайлоо участкалары - эми 2ГИС тиркемесинде
13 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет: шайлоо участкаларын эми 2ГИС тиркемесинин жардамы менен тез таап, бара турган жерине ыңгайлуу багытты түзүүгө болот. Бул жарандарга жолду алдын ала аныктап, добуш берүү күнү ашыкча жол түйшүгүнөн арылууга шарт түзөт.
Кантип издеш керек
Шайлоо участогун табуу үчүн 2ГИС издөө сабына «шайлоо участогу» деп жазса болот, же участоктун номерин жазуу керек. Тиркеме навигатор аркылуу автоматтык түрдө керектүү жерди картадан көрсөтүп, эң ылайыктуу багытты сунуштайт. Бул өзгөчө туруктуу жашаган жеринен башка жерде добуш бере турган, же участогуна шаардын башка жеринен келе турган жарандар үчүн абдан пайдалуу.
Кандай максатта жасалган
2ГИС менен кызматташуу шайлоо процессин мындан дагы ачык-айкын, жеткиликтүү кылуу үчүн жана 2025-жылдын 30-ноябрында боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жасалды.
Алдын ала текшерүү маанилүү
КР БШКсы шайлоочуларга сунуштайт: добуш берүү күнү кезекте турбоо жана түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн алдын ала кайсы шайлоо участогуна бекитилгениңизди тактап алыңыз.
Шайлоо участоктору тууралуу маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынан алууга болот.
