Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузган талапкерлерге айып пул салынды

11 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы жөнүндө маселени карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алды.

Маселени БШКнын кароосуна Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ киргизген.

Жумушучу топ № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Айдарбеков Чингиз Азаматович жана №25 шайлоо округу боюнча талапкер Жунусбеков Төрөкан Бейшенбекович шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгын аныктаган.

Жумушчу топтун социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсүнүн натыйжасында, Facebook социалдык тармагында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, талапкер Ч.Айдарбеков тарабынан үгүт жүргүзүү шарттары бузулгандыгы аныкталган.

Ал эми № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Т.Жунусбековдун үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы тууралуу БШКга Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү билдирген. Маалыматка ылайык, Т.Жунусбеков мечитте мыйзамсыз үгүт жүргүзгөн.

Жумушчу топ жогоруда аталган талапкерлерге карата шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.

Жумушчу топтун чечимдеринин негизинде, КР БШКсы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 22, 23-беренелерине, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Айдарбеков Чыңгыз Азаматовичке протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөдү.

Ал эми № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Жунусбеков Төрөкан Бейшенбековичке Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 142 (2-бөлүк), 451, 455-беренелерине ылайык, административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдети БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөлдү.