КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

11 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:

- №13 шайлоо округу боюнча талапкер Абдалиев Мейкинбек Акимовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.М. Мейкинбекова жана каржы боюнча А.М. Мейкинбеков;

- №28 шайлоо округу боюнча талапкер Ибраев Саматбек Кулукеевичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Т. Жуманалиевдин каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна А.М. Акуновду шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;

- №6 шайлоо округу боюнча талапкер Омурзаков Алымбек Замирбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Э.А. Досумбетовдун жана каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.О. Омурзаковдун каттоолорун жокко чыгарып, алардын ордуна шайлоо боюнча Ж.Ж.Рашовду жана каржы боюнча Б.М. Жолдошевди ыйгарым укуктуу өкүлдөр кылып каттады;

- №5 шайлоо округу боюнча талапкер Сулайманов Эльдар Нурлановичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.К. Койчуевдин каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна М.А.Обозовду шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады.

Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.