КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
10 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-ноябрда, Айтматов, Токмок, Москва, Манас шаардык, Сузак, Нарын жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти:
- Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айылдык кеңешинин (№ 1 Кара-Сай шайлоо округу) депутаты Абдиев Рамил Сулаймановичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сыдыкбеков Урматбек Анаркуловичке өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаты Саккараева Джанара Медербековнанын (“Эл биримдиги” фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Мамбетжанова Алтынай Кадырбековнага (“Эл биримдиги” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Москва районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин (№ 8 шайлоо округу) депутаты Болжокеев Изат Замирбековичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Глущенко Сергей Ивановичке өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Манас шаардык кеңешинин депутаты Юлдашева Зилола Абдужалиловнанын («Адилет» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Борубаева Бегимай Борубаевнага («Адилет» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаты Абдираимов Марлен Эркимбаевич («Жаңы Кыргызстан» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Мамайкулов Алтынбек Алибековичке («Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак (№1 Жан-Булак шайлоо округу) жана Чет-Нура (№2 Орто-Нура шайлоо округу) айылдык кеңештеринин депутаттары Акматов Саматбек Саламатовичтин жана Мамырбеков Асылбек Асантуровичтин ыйгарым укуктары алардын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып, шайланган кийинки талапкерлер Ормокеев Болотбек Рыскуловичке жана Сталбек уулу Эсенбекке өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айылдык кеңешинин (№ 1 Кара-Тоо-Арсы шайлоо округу) депутаты Жээнбек уулу Таалайбектин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Капесов Кумарбек Кубатовичке өткөрүлүп берилди.
