УТРК жана ЭлТР мамлекеттик телеканалдарда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү графиги

10 ноября 2025

Мыйзамга ылайык, талапкерлерге мамлекеттик телерадио уюмдарынын телеканалдарында акысыз эфир убактысы берилүүгө тийиш.

Белгиленген акысыз эфир убактысынын жалпы көлөмүнүн кеминде жарымы талапкерлердин биргелешкен дебаттарына жана башка ушул сыяктуу үгүт иш-чараларына гана арналат. Бул бөлүнгөн убакытты колдонууга бардык талапкерлер тең укуктуу негизде пайдаланууга тийиш.

Биргелешкен үгүт иш-чараларына (дебаттарга жана ушул сыяктуу форматтагы иш-чараларга) катталган талапкерлер сөзсүз түрдө өздөрү жеке катышууга милдеттүү. Катталган талапкердин өкүлдөрү же колдоо топторуна мындай иш-чараларга катышууга жол берилбейт.

Эгер талапкер дебатка катышуудан баш тартса, же белгиленген убакта келбей калса, ага башка убакытта эфир берилбейт.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн катталган талапкерлердин арасында УТРК жана ЭлТР телеканалдарындагы акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөргөн.

Чүчүкулактын жыйынтыгына ылайык, дебаттарга жана жеке кайрылууларга катышуу ирети төмөнкүдөй болуп аныкталды:

тиркеме УТРК  ЭЛТР