КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

10 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:

- №30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Капаров Чынгыз Капаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.С. Капаров жана каржы боюнча С.А. Абылбекова;

- №19 шайлоо округу боюнча талапкер Кенжеева Эльмира Жусупбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Б.М. Канбутаева.

Ошондой эле №13 шайлоо округу боюнча талапкер Алтынбеков Айбектин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Акышовдун каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна А.С.Белеков каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл болуп катталды.

Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.