Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча жалпы өлкө аймагында чүчү кулак өткөрүлдү
08 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-ноябрда бүткүл республика боюнча 30 шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо жана мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак өткөрдү.
Ошондой эле талапкерлер 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн меморандумга кол коюшту.
Чүчү кулакка талапкерлер, катталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, коомдук жана эл аралык байкоочулар катышты.
Катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетендерине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак каттоо мөөнөтү бүткөндөн кийин жана шайлоо бюллетенинин тексти бекитилгенге чейин жүргүзүлөт.
Чүчү кулактын жыйынтыгында аныкталган шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүктү жана меморандум текстин төмөнкү шилтемелер аркылуу көрүүгө болот: