КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

07 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маселени карап, төмөндөгүдөй чечим кабыл алды:
-№28 шайлоо округу боюнча талапкер Асанакунова Жылдыз Жартыевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Н. Самыйбек уулу;
-№21 шайлоо округу боюнча талапкер Чомоева Нургул Жаныбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Г.М. Амираева жана каржы боюнча Н.С. Эшатова;
-№30 шайлоо округу боюнча талапкер Мыктыбекова Айдана Мыктыбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.Т. Өмүражиев жана каржы боюнча Т. Данияр уулу;
-№21 шайлоо округу боюнча талапкер Супатаев Мунарбек Абдукадыровичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча М.К. Бейшенов;
-№24 шайлоо округу боюнча талапкер Исаева Майрамкуль Тургунбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Э. Султанбекова жана каржы боюнча А.Ж. Имашов;
-№12 шайлоо округу боюнча талапкер Омошев Эрмекбай Аляновичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.А. Сапарбаевдин, каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Ч. Сатывалдыеванын каттоолорун жокко чыгарып, алардын ордуна С.А. Аляновду шайлоо боюнча жана К.А. Арстанбекованы каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттады;
-№12 шайлоо округу боюнча талапкер Тиллебаев Темирбек Кыргызбаевичтин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.Ж.Мадимаровдун каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна С.Ж. Абдимежитовду каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;.
-№27 шайлоо округу боюнча талапкер Муратбеков Табылды Муратбековичтин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Р.Т. Тумарбековдун каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна А.А.Темиркуловду каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады;
-№12 шайлоо округу боюнча талапкер Масабиров Талайбек Айтмаматовичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү З.А.Юсуповдун каттоосун жокко чыгарып, анын ордуна Ж.Буркановду шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып каттады.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.