Чет өлкөлөрдө 100 шайлоо участогу ачылды

05 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган жана жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында бүгүн, 5-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чет мамлекеттерде добуш берүү үчүн дагы 3 шайлоо участогун түзүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Жаңы шайлоо участоктору Казакстан Республикасынын Алматы, Тараз жана Шымкент шаарларында ачылды.

Ошону менен чет өлкөлөрдө жалпысынан 100 шайлоо участогу ачылды.

Эске салсак, 2025-жылдын 18-октябрында БШК Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жашаган жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн 71 шайлоо участогун түзүүнү бекиткен. 24-октябрда жана 27-октябрда кошумча 20 жана 6 шайлоо участогу түзүлгөн.