КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жаранга айып пул салуу чечимин кабыл алды
04 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 4-ноябрда, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнөн келген Жетимишов Батырбек Камиловичке карата шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы тууралуу материалдарды карады.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун 2025-жылдын 3-ноябрындагы чечими менен Б.Жетимишовго КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн (7500 сом) өлчөмүндөгү айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 3-ноябрындагы чечиминин негизинде «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 22, 23-беренелерине, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451 жана 455-беренелерине ылайык, КР БШКсы Жетимишов Батырбек Камиловичке протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү. Б.Жетимишовго өлкө мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылат.
