КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
03 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 3-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
-№12 шайлоо округу боюнча талапкер Жусупова Зайнапхан Балтабаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча К.Б. Жусупов;
-№27 шайлоо округу боюнча талапкер Атаев Акжол Сабырбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Ф.К. Акматов жана каржы боюнча О.Ж. Ибраев;
-№1 шайлоо округу боюнча талапкер Токторов Бактыяр Абдинабиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча А.Т. Жумагулов;
-№21 шайлоо округу боюнча талапкер Омонова Гульчехра Таабалдиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Л.Т. Саралаева;
-№2 шайлоо округу боюнча талапкер Аманова Бурун Кушбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Ч.Дж. Курбанова;
-№22 шайлоо округу боюнча талапкер Атанов Ирлан Азисовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Б. Исмаилов жана каржы боюнча Е.А. Щербакова;
-№24 шайлоо округу боюнча талапкер Халилова Гульназ Мажитовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча И.В. Ли жана каржы боюнча А.А. Боромбаева.
-№ 8 шайлоо округу боюнча талапкер Мамырова Бөдөш Аманбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Т.Т. Козуев.
Ошондой эле № 14 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Толубаева Нураида Нуржакыповнанын ыйгарым укуктуу өкүлү боюнча чечим кабыл алынды: шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Н. Толубаеванын каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна М.Нуржакыпов шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталды.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
