КР БШКсы Венера Койчиеваны Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты

02 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №29 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Койчиева Венера Сапарбековнаны каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.
В.Койчиева №29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2025-жылдын 20-октябрында КР БШКга тапшырган.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ Койчиева Венера Сапарбековнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.
КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2025-жылдын 28-октябрындагы тиешелүү маалымкатына ылайык. В. Койчиева “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, депутаттыка талапкер катары көрсөтүүнүн алдында республиканын аймагында акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашагандыгы тууралуу талапка жооп бербей тургандыгы аныкталган.
Тагыраак айтканда, В.Койчиева 2021-жылдын 20-октябрынан тартып, 2022-жылдын 10-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жалпысынан 269 күн жүргөн. Мындан тышкары, 2022-жылдын 26-октябрынан 2023-жылдын 13-октябрына чейин жалпысынан 186 күн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн.
Жумушчу топтун № 29 шайлоо округу боюнча Койчиева Венера Сапарбековнаны Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө 2025-жылдын 2-ноябрындагы сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 59-беренесинини 4-бөлүгүн,
61-беренесинин 11-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, КР БШКсы Койчиева Венера Сапарбековнаны № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.