КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 54 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

02 ноября 2025

 
 
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 2-ноябрда, 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялады.
БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү өкүлдөр аккредитацияланды:
- Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
- Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин,
- Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
- Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
- Армения Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
- Мальдив Республикасынын Шайлоо комиссиясынын,
- Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
- Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
- Астана шаарындагы Венесуэла Боливариана Республикасынын Элчилигинин,
- Кыргыз Республикасындагы Франция Республикасынын Элчилигинин,
- Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн,
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын,
- Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ),
- Парламенттик Ассамблеясынын,
- Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын.
Бардыгы болуп 54 байкоочу аккредитацияланды.
2025-жылдын 2-ноябрына карата жалпы 127 эл аралык байкоочу аккредитацияланган.