КР БШКсы үч жарандын парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады

31 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.
Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын төмөнкү жарандар беришкен :
-Халмурзаев Абдибакыт Алыбаевич — №3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 30-октябрында берген;
-Мамадалиева Айданек Талантовна — №11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 30-октябрында берген;
-Мамытов Нурсултан Кулмаматович — №10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер, БШКга арызын 2025-жылдын 30-октябрында берген.
КР БШКсы жогоруда аталган жарандардын арызын эске алды.