Айыл Банк жана Элдик Банк 2025-жылдын 1–2-ноябрындагы иш күндөрү тууралуу маалымдайт

31 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байланыштуу БШКнын пайдасына шайлоо күрөөсүн кабыл алуу жана төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн 2025-жылдын 1–2-ноябрында Айыл Банктын жана Элдик Банктын бөлүмдөрү саат 18:00гө чейин иштешет.

Бул күндөрү кардарларды тейлөөчү кызматкерлер Айыл Банктын Башкы кеңсесинде, филиалдарда жана райондук аманат кассаларда иш алып барышат.
Иш процесси каржылык операциялардын жана банк аралык төлөмдөрдүн үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыздоо максатында уюштурулат.

1 жана 2-ноябрь күндөрү «Элдик Банктын» Башкы операциялык башкармалыгы, филиалдары жана аманат кассалары саат 18:00гө чейин иштейт.

Ошол эле учурда, Кардарларды тейлөө борборлору бул күндөрү иштебейт.