Анонс: КР БШКсы мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоо боюнча талапкерлер жана саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн окутуу өткөрөт
30 октября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы эртең, 31-октябрда, талапкерлердин, саясий партиялардын жана алардын өкүлдөрү үчүн 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча окутуу өткөрөт.
Окутуунун алкагында катышуучулар шайлоо процессинин негизги аспектилери боюнча, анын ичинде «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн өзгөчөлүктөрү, талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүүнүн тартиби, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү, ошондой эле шайлоо комиссияларында каралуучу талаштар жана жоопкерчиликтер тууралуу маалымат алышат.
Окутууну БШКнын Аппаратынын кызматкерлери өткөрөт. Алар катышуучуларга актуалдуу укуктук маалыматтарды жана шайлоо кампаниясынын учурунда мыйзамдуулукту сактоого практикалык сунуштарды берет.
КР БШКнын бул окутуусу катышуучулардын укуктук маалымдуулугун жогорулатууга, шайлоолордун ачык жана мыйзамдуу өтүшүн камсыздоого багытталган.
Датасы, убактысы: 31-октябрь 2025-ж., саат 9.00-13.00
Орун: Т. Абдумомунов атындагы драма театры, Абдумомунов көчөсү, 230
Орун: Т. Абдумомунов атындагы драма театры, Абдумомунов көчөсү, 230
