КР БШКсы чет өлкөлөрдө дагы 6 шайлоо участогун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды

29 октября 2025

Кыргызстандын аймагынан тышкары мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында бүгүн, 29-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн жыйынында чет өлкөлөрдө добуш берүүнү уюштуруу үчүн түзүлгөн дагы 6 шайлоо участогун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Жаңы шайлоо участоктору төмөнкү өлкөлөрдө жана шаарларда ачылды:
Россияда – 4 участок: Екатеринбург, Челябинск, Тюмень жана Пермь шаарларында;
Болгарияда – София шаарында 1 участок;
Польшада – Варшава шаарында 1 участок.
Ушуну менен чет өлкөлөрдө ачылган шайлоо участкаларынын жалпы саны 97ге жетти.
Эске салсак, 2025-жылдын 18-октябрында БШК 71 шайлоо участогун, ал эми 24-октябрда дагы 20 участок түзүү тууралуу токтом кабыл алган.