КР БШКсы Ж.Тургановдун парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу арызын карады

29 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Турганов Жылдызбек Момунжановичтин 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу арызын карады.
№19 шайлоо округунан талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Ж.Турганов БШКга арызын 2025-жылдын 28-октябрында берген.
КР БШКсы Ж.Тургановдун арызын эске алып, БШКнын 2025-жылдын 17-октябрындагы чечими менен катталган анын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү И.С.Момунжановдун, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.О. Шаршенбаеванын каттоолорун жокко чыгарды.