КР БШКсы эскертет: 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00дө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктайт

29 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы эскертет, 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга ниетин билдирген жарандардын арыздарын кабыл алуу эртең, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин жүргүзүлөт («Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык).
Талапкерлер 2-ноябрга чейин документтердин толук пакетин тапшырууга тийиш, ал эми талапкерлерди каттоо 9-ноябрда аяктайт.
10-ноябрдан тарта үгүт кампаниясы башталат.