Шайлоону өткөрүү процесси жана шайлоо мыйзамдарындагы реформаларга сереп боюнча жарандар үчүн семинарлар өткөрүлөт

28 октября 2025

Шайлоону өткөрүү процесси жана шайлоо мыйзамдарындагы реформаларга сереп боюнча жарандар үчүн семинарлар өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын 7 облусунда жана Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдагы мөөнөтүнөн мурдагы шайлоону өткөрүү процесси жана шайлоо мыйзамдарындагы реформаларга сереп» аттуу жарандар үчүн семинарлар өткөрүлөт.

Шайлоочуларды окутуу КР БШК мүчөлөрү жана шайлоо боюнча эксперттер тарабынан жүргүзүлөт. Бул катышуучуларга шайлоо укугу жана шайлоо процесси, жарандардын шайлоодогу ролу, ошондой эле аялдардын, жаштардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдук турмушка натыйжалуу катышуусу боюнча комплекстүү түшүнүк алууга мүмкүндүк берет. Окутуу учурдагы шайлоо мыйзамдарынын негизинде жана жүргүзүлүп жаткан реформаларды эске алуу менен өткөрүлөт.

Семинарлардын катышуучулары төмөнкү билимдерге ээ боло алышат:

● Шайлоо мыйзамдары жана мыйзамдардагы реформаларды эске алуу менен шайлоо өткөрүү процесси боюнча билим;
● Шайлоодогу жарандардын ролу жана натыйжалуу катышуунун ыкмалары тууралуу түшүнүк;
● Кыргыз Республикасында өкүлчүлүктүн мааниси жана аялдардын лидерлигин ар тараптан өнүктүрүү боюнча түшүнүк;
● Жарандык активдүүлүктү жогорулатууга болгон мотивацияны күчөтүү.

Окутуулар «ДаткАйым» улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлөт.

 

Күнү

Сааты

Шаары

29.10.25

13.00.-16.00

Баткен ш.

30.10.25

12.00-15.00

Ош ш.

31.10.25

11.00-13.00

Манас ш.

02.11.25

12.00

Нарын ш.

03.11.25

09.00-13.00

Чолпон-Ата ш.

04.11.25

15.00

Бишкек ш.

04.11.25

11.00

Беловодск ш.

05.11.25

12.00-15.00

Талас ш.

05.11.25 11.00 Токмок ш.

 

КР БШКнын өкүлдөрү/ жана Эксперттер

 

Бекматов Абдыжапар Гапырович

Жумалиева Акбалык Калыевна

Усупбекова Айнура Максатбековна