КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн бир катар жарандарга айып пул салды

27 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-октябрда, 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузууларга жол берилген учурларга байланыштуу маселени карады.
Бул маселени БШКнын отурумунун кароосуна шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ сунуштаган.
Жумушчу топ социалдык тармактар жана маалымат агенттиктеринин сайттарына мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгында шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузуу белгилери бар материалдарды аныктаган.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштери талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып, добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат.
Ошентип:
- Facebook социалдык тармагындагы Бакмурат Токтогуловдун жеке баракчасында шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган жана талапкерлердин кадыр-баркына доо кетирген маалыматтарды тараткан посттор жайгашкан. Конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, талапкерлерди шайлоо же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу шайлоо алдындагы үгүт катары таанылат;
- Facebook социалдык тармагындагы Айбек Теңизбай, №23 шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн Илим Карыпбеков, Мирлан Дүйшөнбаев, Нургазы Анаркуловдун жеке баракчаларында шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган посттор жарыяланган;
- Социалдык тармактарга №18 шайлоо округу боюнча талапкер катары көрсөтүлгөн Карим Ханджеза Лемзарович тууралуу материалдар жарыяланып, шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу катары бааланган посттор жайгашкан;
- Facebook социалдык тармагындагы Айбек Теңизбайдын жеке баракчасында №23 шайлоо округу боюнча талапкер катары көрсөтүлгөн Канат Зерликович Хасанов жөнүндө жарыяланган посттор шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу катары бааланган.
Жумушчу топ КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына төмөнкү жарандарды: Айбек Теңизбай, Илим Карыпбеков, Мирлан Дүйшөнбаев, Нургазы Анаркулов, Карим Ханджеза, Канат Хасанов жана Бакмурат Токтогуловду шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартууну сунуштады.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Жумушчу топтун чечимин эске алуу менен жана «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамды жетекчиликке алып, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65- жана 66-беренелерине ылайык, төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
- Бакмурат Токтогуловго шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы жана талапкерлер жөнүндө жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн 65- жана 66-беренелерге ылайык, жалпы 7500 (жети миң беш жүз) сом жана 12000 сом (он эки миң сом) сом өлчөмүндө айып пул салынды;
- Ал эми Айбек Теңизбай, Илим Карыпбеков, Мирлан Дүйшөнбаев, Нургазы Анаркулов, Карим Ханджеза, Канат Хасановдорго шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн 65-беренеге ылайык, 7500 (жети миң беш жүз) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
КР БШК бардык талапкерлерге, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине, массалык маалымат каражаттарына жана социалдык тармак колдонуучуларына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоону эскертет.