КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө шайлоочулардын арасында акысыз жайылтууга тыюу салынбаган үгүт материалдардын жана товарлардын тизмегин бекитти

27 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө демократиялык принциптерди бекемдөө, эл аралык шайлоо стандарттарына жана өлкөнүн мыйзамдарына толук ылайык келтирүү, шайлоочулардын аң-сезимдүү тандоосун жана шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө шайлоочулардын арасында акысыз жайылтууга тыюу салынбаган үгүт материалдардын жана товарлардын тизмегин бекитти.
Төмөндө тизме тиркелет:
1. Басылма үгүт материалдары (газеталар, баракчалар, плакаттар, буклеттер, календарлар, открыткалар, талапкердин визиттик карточкалары, пакеттер);
2. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин (толук аты-жөнү) сүрөтү же саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар төш белгилер;
3. Талапкердин жана/же талапкердин (толук аты-жөнү) сүрөтү же саясий партиянын символикасы бар футболкалар, жилеткалар;
4. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин толук аты-жөнү же саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар баш кийимдер;
5. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар моюн ороочтор;
6. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин толук аты-жөнү же саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар желекчелер;
7. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү же саясий партиянын символдору түшүрүлгөн аба шарлары;
8. Талапкердин жана/же талапкердин (толук аты-жөнү) сүрөтү же саясий партиянын символикасы бар калемдер, карандаштар, кружкалар, блокноттор.