КР БШК Кочкор, Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын жана № 5, 14, 15, 25 округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди
27 октября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бүгүн, 27-октябрда, Кочкор жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын, ошондой эле № 5, 14, 15, 25 округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы:
- комиссиянын курамынан Өмүрканов Тенизбек Акимович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) берилген арызынын негизинде чыгарылды;
- комиссиянын курамына резервден Камчыбекова Марипа (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы:
- комиссиянын курамынан Эсенбекова Нурзада Эсенбековна (“Ынтымак” саясий партиясы) берилген арызынын негизинде чыгарылды;
- комиссиянын курамына резервден Мадылбаева Жумагүл Раевна (“Эл Үмүтү” саясий партиясы) киргизилди.
№ 5 округдук шайлоо комиссиясы:
- комиссиянын курамынан Жолдошов Бектур Мырзакулович, Исмаил кызы Албина чыгарылды;
- комиссиянын курамына Нурбаев Эрмек Адылбекович, Тойчуев Заравшанбек Жакыпович киргизилди.
№ 14 округдук шайлоо комиссиясы:
- комиссиянын курамынан Мусаева Миргул Мамытбековна чыгарылды;
- комиссиянын курамына Исраилов Улан Токтоналыевич киргизилди.
№ 15 округдук шайлоо комиссиясы:
- комиссиянын курамынан Аманбаев Нуралы Темиркулович чыгарылды;
- комиссиянын курамына Орозалы кызы Дамира киргизилди.
№ 25 округдук шайлоо комиссиясы:
- комиссиянын курамынан Манапова Айнура Орузбаевна чыгарылды;
- комиссиянын курамына Сыдыгалиева Гульзат Кенешбековна киргизилди.
