КР БШКсы талапкер А.Малиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн арызын карады

25 октября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 25-октябрда, №28 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Арсланбек Малиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Г.С. Джаныкуловнын арызын карады.

Арызда көрсөтүлгөндөй, Facebook социалдык тармагында «Садибакас ажы Устаз» тобунда Акылбек Асанов аттуу колдонуучу талапкер А. Малиевдин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген материалдарды жарыялап, активдүү таратууда.

2025-жылдын 22-октябрында Г.С. Джаныкулованын арызы шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жыйынында каралды.

Жыйында арыз ээси Г.С. Джаныкулова, ошондой эле Ысык-Көл облустук ИИБнын улук тергөөчүсү, улук тергөөчү Э.Ж. Жеңишбековдун айткандары угулду.

Өзүнүн арызында Джаныкулова Г.С. А.Асановго карата чара көрүлүүсүн суранган.

Өз кезегинде, Ысык-Көл ОИИБ Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Жеңишбеков Э.Ж. жогорудагы маалыматтар боюнча топтолгон материалдарды карап чыгып, А.Асановдун аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарган.

Жумушчу топ КР БШКга А.Асановду депутаттыкка же башка шайлануучу кызмат ордуна талапкер жөнүндө талапкердин ар-намысына же кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды билип туруп жайылтканы үчүн КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартууну сунуштайт.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, талапкерлер, саясий партиялар тууралуу билип туруп жалган маалыматтарды тараткандар же талапкерлердин аброюна шек келтирген башка аракеттерди жасагандар мыйзамдарга ылайык кылмыш-жаза же башка жоопкерчиликке тартылышат.

Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде, Жумушчу топтун чечимин эске алуу менен өлкөнүн мыйзамдарын жетекчиликке алып, БШК А.Асановду КР Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 66-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартуу маселесин карап чыгуу үчүн материалдарды БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жөнөтүү чечимин кабыл алды.