КР БШКсы чет өлкөлөрдө дагы 20 шайлоо участогун түзүү тууралуу токтом кабыл алды
24 октября 2025
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган жана жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында бүгүн, 24-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында чет өлкөлөрдө добуш берүүнү уюштуруу үчүн түзүлгөн дагы 20 шайлоо участогун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Ага ылайык, шайлоо участоктору төмөнкү өлкөлөрдө жана шаарларда ачылды:
Россияда 14 участок: Балашиха, Видное, Красногорск, Лобня, Улан-Удэ, Петропавловск-Камчатский, Благовещенск, Самара, Тула, Красноярск (кошумча участок), Новосибирск (кошумча участок), Томск, Мурманск жана Набережные Челны шаарларында.
Казакстанда 2 участок: Атырау жана Караганда шаарларында.
Мындан тышкары, Тэджон (Корея Республикасы), Неаполь (Италия), Медина (Сауд Аравиясы) жана Каир (Египет) шаарларында бирден шайлоо участогу ачылды.
Муну менен чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участкаларынын жалпы саны 91ге жетти.
Эске салсак, 2025-жылдын 18-октябрында КР БШКсы чет өлкөлөрдө 71 шайлоо участогун түзүү тууралуу токтом кабыл алган.
