БШК Р.Асанованы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты
23 октября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №19 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Асанова Рахима Эргешалиевнаны каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.
Р.Асанова № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2025-жылдын 8-октябрында КР БШКга тапшырып, шайлоого талапкер катары каттоо үчүн документтердин толук топтомун 2025-жылдын 10-октябрында берген.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ Р.Асанова Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктаган жана аны талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунуштаган.
Мында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын тиешелүү маалымкатына ылайык, Р.Асанова “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, республиканын аймагында акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашагандыгы тууралуу талапка жооп бербей тургандыгы белгиленген.
Тагыраак айтканда, Р.Асанова 2021-жылдын 12-октябрынан тартып 2022-жылдын 20-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын аймагында болгон эмес. 2025-жылдын 22-октябрында болуп өткөн жумушчу топтун отурумунда Асанова Рахима Эргешалиевна өзү жеке катышып, жогорудагы маалыматты тастыктаган.
№ 19 шайлоо округу боюнча Р.Асанованы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө Жумушчу топтун 2025-жылдын 22-октябрындагы корутундусунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, КР БШК Асанова Рахима Эргешалиевнаны №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.
