БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Байкоо миссиясынын жетекчиси Тамаш Месерич менен жолугушту

21 октября 2025

Бүгүн, 21-октябрда, КР Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Байкоо миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Миссияны Венгриянын өкүлү Тамаш Месерич жетектейт. Делегациянын курамына миссиянын жетекчисинин орун басары Димитра Йоанну (Греция), ошондой эле Словакия, Италия, Түркия, Сербия, Польша жана Белоруссиядан келген шайлоолор жана шайлоо технологиялары боюнча аналитиктер кирет.

Тамаш Месерич билдиргендей, Байкоо миссиясынын тобу Кыргызстанга толук курамда келген. Кийинки аптанын башынан тартып, өлкөнүн бардык аймактарында шайлоо процесстерине байкоо жүргүзө турган 30 узак мөөнөттүү байкоочу ишке киришет. Мындан тышкары, шайлоо мезгилине карата Кыргызстанга 300гө жакын кыска мөөнөттүү байкоочуларды жөнөтүү боюнча ЕККУга мүчө өлкөлөргө суроо-талап жиберилген.

Миссиянын өкүлдөрү БШКнын жыйындарына жана жумушчу топторунун ишине катышууга кызыкдар экенин билдиришип, ар тараптуу кызматташууга даяр экенин белгилешти.

Тынчтык Шайназаров Кыргызстандагы шайлоо системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берип, алардын максаты - шайлоолордун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана мурдагы шайлоолордо орун алган мыйзам бузуулардын алдын алуу экенин белгиледи.

«Биз максатыбызга жеттик - шайлоодо ар бир шайлоочу бир гана жолу жана бир гана талапкерге добуш берет. Бул ыкма бурмалоолорго жана башка мыйзам бузууларга жол бербейт. Мен муну чоң жетишкендик деп эсептейм», - деп баса белгиледи Тынчтык Шайназаров.

Ошондой эле ал жаңы шайлоо системасы өлкөнүн бардык аймактарынын парламентте адилеттүү өкүлчүлүгүн камсыз кыларын, гендердик тең салмактуулукту сактоого жана жарандардын конституциялык укуктарын аралыктан добуш берүү аркылуу ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Жолугушуу ачык жана конструктивдүү маанайда өтүп, эки сааттай созулду. Катышуучуларга аралыктан добуш берүү жабдууларынын иши жана добуш берүү процесси көрсөтүлдү.

Миссиянын өкүлдөрү шайлоо жабдууларына жана аралыктан добуш берүүнүн техникалык аспектилерине кызыгышты. Алар системанын иштөө принциптери, шайлоочуларды идентификациялоо механизмдери жана маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу бир катар суроолорду беришти.

Миссиянын мүчөлөрү бардык суроолоруна толук жана канааттандырарлык жооп алышты.